• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Айтматовдун "Гезитчи Дзюйо" аңгемесине арналган адабий кече өттү

Коом 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алгачкы адабий чыгармасы - "Гезитчи Дзюйо" аңгемесинин жарык көргөнүнө 70 жыл толду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте аңгемеге арналган "Улуу жолдун башталышына - 70 жыл" аттуу адабий кече өттү.

Иш-чараны Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору К.Дандыбаева ачып, залкар жазуучунун чыгармачылыгынын башталышындагы урунттуу учурларга токтолуп өттү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова катаал кезеңдин учурунда Таластын Жийде айылында апасынын чиедей балдары менен кантип күн кечиргендигине кенен токтолду. Жазуучу, драматург Абибила Пазылов, айтматовтаануучу, жазуучу Папан Дүйшөнбаев, котормочу Асан Акматов алп жазуучунун чыгармаларынын түбөлүктүүлүгүнүн сырларын жана Ч.Айтматовго арналган чыгармалардын тарыхын баяндап беришти.

Адабий кече көңүлдүү музыка кайрыктары менен коштолду.

Мындан тышкары, кечеде Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери аткарган "Айтматовдун ааламы" аталышындагы театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий