• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Кычан Жакыпов атындагы сейил багы этно паркка айланат. Эскиздери

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кычан Жакыпов атындагы сейил багы оңдолуп, этпо паркка айланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Сейил бакты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерин "Бакай банк" ААКсы толугу менен өз мойнуна алат. Бүгүн министрлик менен банктын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

Кол коюу маданият министри Алтынбек Максутовдун жана "Бакай банк "ачык акционердик коомунун төрайымынын биринчи орун басары Марат Какеевдин катышуусунда өттү.

Макулдашууга ылайык, "Бакай банк" ААКсы Кычан Жакыпов сейил багын толук реконструкциялап, көрктөндүрүүнү жана жашылдандыруу милдетин алат.

Тактап айтканда, атайын адистердин кеңешинин негизинде, топографиялык сүрөткө тартуу, парктын башкы планын иштеп чыгуу жана дизайн-долбоорлоо иштери жүргүзүлдү.

"Бардык иштерди жасоодо Кыргызстандын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын талаптары сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Маданият министрлиги аталган сейил бакты толук реконструкциялоо жана аны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү ушул жылдын февраль айында баштаган. Ал эми аны мыйзам чегинде ишке ашыруу жана укуктук документтерди жолго салуу бүгүн, 2023-жылдын 19-июнундагы кол коюлган макулдашуу болду.

Мындай кадам шаар тургундары жана меймандар үчүн маданий эс алууга шарт түзүп, сейил бакты максаттуу пайдаланууга багыт алат.

Пикир

Оставить комментарий