• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи кезекте туризм тамагындагы сервисти жакшыртыш керек – депутат

Коом 0

Бишкек. 15.05.129 /Кабар/. Кыргызстанда жөнү жок кен байлыктарга тийишпей, туризм тамагындагы сервисти жакшыртыш керек. Бул тууралуу парламенттин депутаты Эмиль Токтошев "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстандын башкы приоритетин аныктоодо туризмди тандасак адашпайбыз. Ошондой эле Ысык-Көлдө кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыкты.

Депутат Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайкы мезгилде ашып кетсе 3 ай иштеп, жылдын калган 9 айы дээрлик бош тургандыгына токтолду. Мындай жагдайды жөнгө салып, туризмдин медициналык багытын өнүктүрүү керек, – дейт депутат.

"Бул жагынан Корея менен Түркиянын тажрыйбалары үлгү болот. Бизде да андан ашса ашып, эч кем калбаган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ысык – Көл өзү эле бир катар дартка дабаа болчу касиетке ээ" – дейт Токтошев.

Пикир

Оставить комментарий