• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеке автоунаа менен жумушка барса болобу? Бишкек мэринин жообу

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жеке автоунаа менен жумушка жетсе болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

"Коомдук унаалар иштебей жатканына байланыштуу жеке автоунаа менен жүрүүгө болот. Ал эми Бишкекке жеке унаа менен кирип чыгууга маршруттук кагазды толтуруп, негиздүү максат болушу керек", - дейт шаар мэри.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 235и медицина кызматкери. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Андан тышкары, бүгүндөн тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий