• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ниязалиев: Чет элдик жарандар Кыргызстандан 11-майга чейин визаларын тариздебестен чыгып кете алат

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Чет элдик жарандар Кыргызстандан 11-майга чейин визаларын тариздебестен чыгып кете алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Кыргыз өкмөтү тарабынан тиешелүү токтом кабыл алынган.

"Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен өкмөт тарабынан токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор 11-майга чейин визаларын тариздебестен жана жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандар чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту", - дейт ал.

Белгилей кетсек, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга "жашыл коридор" ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий