• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Иштөөсүнө уруксат берилген мекеме-ишкананын кызматкерлеринин жанында кандай документтер болушу керек?

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-май күнү өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилди.

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов иштөөгө уруксат берилген мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин жанында кандай документтер болушу керектигин айтып берди.

Суракматов өзгөчө абал аяктаганына байланыштуу комендатуранын иши токтотулганын айтып, алар берген уруксат кагаздары да жараксыз экенин билдирди.

Ал белгилегендей, эми уруксат кагаздары берилбейт. Шаар ичинде жүрүү үчүн иштөөсүнө уруксат берилген ишкана-мекемелерде иштегендердин жанында өздүгүн күбөлөндүргөн документ, жашаган жери боюнча маалымкат, иштеген жеринен маалымкат болушу керек жана ал маалымкатта райондук салык органынын мөөрү жана колу болушу керек.

"Үчүнчү этап боюнча иштөөсүнө уруксат берилген ишкерликтин түрлөрүнө салык кызматынын патенти бар болсо шаарда ичинде жүрүүсүнө жол берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий