• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Америкалык ишкерлерге КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-февралында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык 20дан ашуун ири компаниялардын жана расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда АКШ менен КРнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу жана келечекте карапайым элге пайдасы тийе турган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө элчи Б.Аманбаев өлкөбүздө соңку бир жылдан ашуун убакыт аралыгында КР президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан саясий реформалар жана анын өлкө экономикасын жакшыртуудагы мааниси жөнүндө кеңири маалымат берип, КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз бийлигинин өлкө экономикасын жандандырууда артыкчылык берген тармактар тууралуу конкреттүү фактылар менен кеңири маалымат берди. Ошондой эле кыргыз бийлигинин “Кумтөр” кенине байланыштуу аракеттери тууралуу суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары, иш-чара жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргыз Республикасы эле эмес жалпы Борбор Азия аймагында бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселерди көтөрүшүп, өз сунуштарын айтышты.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы америкалык бизнестин ар бир өкүлүнүн бардык актуалдуу суроолоруна жооп берип, аларды Кыргыз Республикасына өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө чакырды. Жыйындын катышуучулары кыргыз тараптын сунуштарын колдоого жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорго катышууга даяр экенин билдиришти. Ошондой эле жакынкы күндөрү конкреттүү сунуштары менен элчи менен жекеме-жеке жолугушуу тууралуу каалоолорун билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы америкалык компаниялардын жана АКШнын каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-америкалык бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий