• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүндөгү бейтаптарды Жаңы жылы менен куттукташты

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө барышты. Төрага Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери бөлүмдүн жаш пациенттерин, алардын ата-энелерин жана медицина кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттукташты.

"Мен бул оору менен күрөшүп жаткан балдардын эрдигине жана туруктуулугуна суктанам. Баарыңардын тезирээк сакайып кетишиңерди жана бул жерге кайра кайтып келбешиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден-соолугуңуздар мыкты болсун, бактылуу болгула. Балдар биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Баарыңарды сак-саламатта көргөндөн өткөн бакыт жок. Ошондой эле бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер чыныгы сыйкырдуулук жаратып жатат", — деди Алмазбек Акматов.

Салт боюнча Эсеп палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Балдарга таттуу белектер, түркүн-түстүү китептер алынып, балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө даары-дармектерди сакташ үчүн муздаткычтар берилди.

«Бардык ата-энелердин, бөлүмдүн кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын Эсептөө палатасына белектери үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бизге 150 миң сомго жабдууларды, белектерди сатып беришти. Мындай колдоо биз үчүн абдан маанилүү”, - деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Ак-Суу мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттукташты. Мекемеде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, жетим балдар, ошондой эле ата-энеси укуктан ажыратылган балдар тарбияланат. Интернаттын директору өз кезегинде Эсеп палатасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Ошондой эле Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн жамааттары Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жана Кара-Суу районундагы керең балдар үчүн адистештирилген бакчасына жаңы жылдык белектерин тапшырууга барышты.

Пикир

Оставить комментарий