• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте "Көчө" рейдинин жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн 32 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан "Көчө" аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чарасы жүргүзүлдү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты – түн ичинде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кароосуз, мамлекеттин жардамына муктаж өспүрүмдөрдү аныктоо.

"Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 32 бала аныкталды. Аныкталган балдардын ичинен 3 бала унаа жуучу жайда иштеп жатканы такталып, аларды ата-энелерине өткөрүп берүү үчүн ЖУАБка алынып келинген. Калган балдар табылган жеринен ата-энелерине өткөрүлүп берилди. ЖУАБка алынып келинген ар бир жашы жете электердин жашаган жерин, үй-бүлөдө жашоо шартын, тарбиясын жана иштөөнүн себептерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иштеринен кийин жашы жете элек балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Учурда аныкталган жашы жете электердин кароосуз калган себептерин жоюу боюнча тиешелүү органдарга сунуштар менен профилактикалык мүнөздөгү маалымат даярдалууда.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде түнкү убакта (саат 22:00 дөн эртен менен саат 06:00гө чейин) жашы жете электер: көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, аянттарда, соода жана коомдук тамактануу жайларында, түнкү жана интернет клубдарда, коомдук транспортто вокзалдардын жана аэропорттордун аймагында балдар жүргүнчүлөр болгон учурларды кошпогондо ата-энелери же аларды алмаштырган адамдардын коштоосуз жүрүүгɵ тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий