• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 178 кишиге жетти

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңжалдан 34 адам курман болду. “Бул маалыматтар 2-майга карата. Учурда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте иштеп жатат. Ал эми барымтадан бошотулган 10 кыргызстандыктын абалы туруктуу. Алардын баары медициналык көзөмөлдөн өттү. Бешөө ооруканада жатат”, - дейт ал.

Солтонбекова чек арадагы чырдан жабыркаган медкызматкер амбулатордук дарыланууга жиберилгенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кечээ, 1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 2-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп бааланууда. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгара башташты. Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий