• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматкерлери КНСти башкаруу боюнча окуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын жетектөөчү кызматкерлери үчүн "КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы" аналитикалык системасын ("КНС" системасы) колдонуу боюнча окуу иш-чараларын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, окуу иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер салык төлөөчүлөрдүн маалыматтарын талдоо, ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кошумча нарк салыгын төлөөнү башкаруу боюнча зарыл билимдерди алышты.

Республиканын, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык салык органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген 230 кызматкерлер окуудан өтүштү.

Эскерте кетсек, салык кызматы 2022-жылдын декабрында кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында "КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы" аналитикалык системасын ишке киргизген.

"КНС" системасы фискалдык маалыматтарды автоматтык режимде иштеп чыгуучу аналитикалык платформаны жана аналитикалык инструментти билдирет.

"КНС" системасын киргизүү маалыматтарды текшерүү жана талдоо убактысын кыйла кыскартат, салыктык башкарууну жеңилдетет, салык кызматкерлеринин ишкерлер менен байланышын азайтат.

Пикир

Оставить комментарий