• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Карызы бар 1 миңден ашык салык төлөөчүгө карата чектөө чаралары көрүлдү

Коом 0

Бишкек,16.06.22. /Кабар/. Салыктык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата чектөө чараларын көрүү улантылууда.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 1-июнуна карата сот аткаруучулар кызматы салык органдарынын арызынын негизинде жалпы 7 млрд 683,9 млн сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алуу чараларын көрдү.

Алдын алуу чараларынын катарында республикадан чыгуу менен байланышкан чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар бар.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 251 салык төлөөчү жалпы 42,3 млн сом суммасында карызын жойду.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү жагымсыз укуктук аракеттерди болтурбоо үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын өз убагында төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, 100 миң сомдон ашык суммада салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата төмөнкүдөй тыюу салуулар колдонулат:

– өлкөдөн чыгуу;

– кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди көрүү;

– банктык операцияларды жүргүзүү;

– карызы бар адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү;

– лотерея утуштарын, акчалай жана/же белек катары алынган башка мүлктөрдү белек, материалдык жардам же мурастоо катары берүү жана башка чаралар.

Пикир

Оставить комментарий