• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду. Ал кылмыштардын айрым түрлөрүнө карата колдонулбайт

Президент 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Пикир

Оставить комментарий