• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин медиктери июль айынын маянасын толук алышат - мэрия

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Бишкектин медиктери июль айынын маянасын толук алышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын мааалымат кызматы билдирди.

Күндүзгү жана түнкү стационарлар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритминин негизинде алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда. Вирустук оорулардын белгилери бар шаар тургундарынын саны кыйла азайды.

Кечээ күндүзгү стационарларга 1339 адам кайрылган, алардын ичинен 911 жаран дарыгер тарабынан көрсөтүлгөн инфузиялык терапиядан өтүшкөн, 420 адам медициналык кеңеш алышкан, 8 адам ооруканага жаткырылган.

“4-июлдан бери биз 77 миң 94 жаранга жардам бердик. Медициналык персоналдар жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак, мейманкана менен камсыздалган ”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн үй-бүлөлүк медицинанын бириккен борборлорунун жетекчилери менен болгон жумушчу жолугушууда социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева дарыгерлерге июль айына карата бардык төлөмдөр толугу менен жүргүзүлө тургандыгын, керектүү документтер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун Бишкек аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык маянасынын суммасы ушул айда 171,3 млн сомду, коронавирустук инфекция менен иштегендиги үчүн компенсациялык төлөмдөр 133,9 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий