• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү дагы иштеп жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Балдардын арасында КРВИ жана сасык тумоонун көбөйгөнүнө байланыштуу Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, оорулардын көбөйгөнүнө байланыштуу Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.

Ушуга байланыштуу респиратордук патологиясы бар балдарды ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн төмөнкү ооруканаларда кошумча керебет орундар жайгаштырылды:

- Улуттук энени жана баланы коргоо борбору, 2-база, дареги: Тоголок Молдо көч., 100 керебет;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, 35 керебет;
- Чүй облустук бириккен оорукана, 45 керебет.

Бишкек шаарынын мэриясы суук тийген оорунун белгилери пайда болгондо (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, ангина) шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылууга жана оорунун баштапкы стадиясында эле алдын алууга чакырат.

"Медиктер сиздерге керектүү жардамды көрсөтүүгө ар дайым даяр. Өз алдынча дарыланбаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, учурда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды төмөнкү иш сааттар менен кабыл алууда:

- иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
- жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.

Мындан тышкары, ҮМБнын дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөт иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

  • №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
  • №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
  • №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
  • №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
  • №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
  • №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
  • №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
  • №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
  • №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
  • №10 ҮМБ - 0312 67 82 74;

Ошондой эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылгандарга консультациялык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий