• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кургак учук менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу? Жооп

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5 миң 600дөн ашуун учуру катталат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.

“COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет”, - деп айтылат маалыматта.

Эмдөө алууга болбойт:

- курч респиратордук ооруларга кабылганда;

- вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;

- өнөкөт оорулар күчөп жатканда;

- сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.

Эгерде сизде жогоруда аталган каршы көрсөтмөлөр болсо, анда дарыланып, андан соң эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий