• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында “Салттуу музыка” жумалыгы өтөт. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 20-25-апрель күндөрү “Салттуу музыка” жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

салтка айланган музыка жумалыгы он тогузунчу ирет өтүп жаткан жумалык ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өтүп, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирмекчи.

Жумалыктын программсы:

20-апрель – “Манас күнү”

Жумалык А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш-чара менен башталат. Андан соң Евразиялык эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы, “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

21-апрель – “Дастан күнү”

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер” деген темадагы тегерек стол жана “Санатчы, дастанчылык өнөр...” боюнча мастер класс өтөт. Ошондой эле “Ынтымак” паркында “Эпос... Дастан... Санат...” аталышындагы концерт Кыргыз улуттук “Манас” театрынын уюштуруусунда өткөрүлөт.

22-апрель – “Күү күнү”

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы...” темадагы тегерек стол өтөт. Ушул эле университетте аспапчылык өнөр боюнча мастер класс, “Ынтымак” паркында жалаң күүлөрдөн турган аспапчылардын концерти тартууланат.

23-апрель – “Кино күнү”

“Манас” кинотеатрында Э.Абдыжапаров режиссёрлук кылган “Сагымбай” көркөм фильми көрсөтүлөт.

24-апрель – “Ыр күнү”

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция жана “Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль” темада замандаш салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр тарабынан мастер класс өткөрүлөт. Ошондой эле С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк жергесиндеги кайрыктар” аттуу концерт болот.

25-апрель – “Салттуу музыка күнү”

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусствону изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференциянын экинчи күнү, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда Салттуу музыка күнүнүн урматына жумалыктын жабылыш аземине арналган искусство ишмерлеринин Гала-концерти уюштурулат.

Кошумчалай кетсек, иш-чараны Маданият министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий