• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте биринчи айымдын катышуусунда “Виват, рояль!” фестивалынын гала-концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында "Виват, рояль!" фестивалынын гала-концертинин ачылышы өттү.

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан иш-чаранын ачылышына биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.

Өз куттуктоо сөзүндө Айгүл Жапарова бул концертке даярдануу алкагында өлкөдөгү музыкалык маданияттын абалы менен жакындан таанышууга жетишкенин белгиледи.

«Биздин музыканттар Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон, чоң таланты бар, жогорку деңгээлдеги профессионалдар экенин баамдоо мени кубандырат. Алар оркестрлерде ойноп, мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенип, берген концерттери ийгилик менен коштолот», - деди ал.

Биринчи айым ошондой эле кыргыз элинин бай маданий жана музыкалык мурасы бар экенин жана биздин милдет - аны сактоо жана көбөйтүү экенин баса белгиледи.

«Классикалык музыка концерттерибиз ичи толо залдарда өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып жатканы менен сыймыктансак болот. Классикалык музыка искусствосу менен таанышуу, билим алуу мына ушундайча жүрүп жатат», - деп Айгүл Жапарова белгиледи.

Сөзүнүн аягында балдарын искусствого кызыктырууга аракет кылып жаткан музыка мугалимдерине жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын максаты - фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу.

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу музыкалык окуу жайлардын студенттери, бардык облустардан мугалимдери менен бирге келген пианисттер, учурда Москвада билим алып жаткан студенттер катышты.

Мындан башка атайын конок катары иш-чарага Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясынын профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, РФнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Вера Носина катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө пианисттер көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы аткаруучуларынын жана белгилүү кыргыз композиторлорунун тандалмаларын тартуулашты.

Иш-чараны Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби биргелешип уюштурган

Пикир

Оставить комментарий