• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий агартуу иш-чара өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Эртең, 23-июнда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюштурулууда.

Көрүүчүлөргө Айтматовдун чыгармаларынын негизинде иштелип чыккан балет-ораториялар сунушталып, дүйнөлүк белгилүү опералар жаңырат.

Маданий иш-чара саат 19:00дө башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий