• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте кытай маданиятынын кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкектеги Н.К. Рерих музейи жана КР Салттуу ушу федерациясы тарабынан Жаз майрамына карата маданий кече уюштурулду.

Дүйнөдө Жаңы жылды майрамдоонун ар кыл салттары бар. Чыгыш календарына ылайык кытай жаңы жылы катары белгиленген Тигр жылы быйыл февралда келет. Кытайда бул майрам Жаз майрамы деп аталат.

Николай Рерих Кытайга көп саякаттаган. Анын окутууларынын, адамдарды тынчтыкка чакырып, адам табиятын, ааламды изилдөөнүн негизин чыгыш философтору, анын ичинде Кытайдын даанышмандары – Лао Цзы менен Конфуцийдин идеялары түзгөн.

Н.Рерихтин чыгармачылыгы боюнча кызыктуу лекциядан соң музейге келгендерге КР Салттуу ушу федерациясынын маданий программасы тартууланды. Спортчулардын көрсөткөн оюндарынын аркасында көрүүчүлөр салттуу ушу (кунгфу) боюнча түрдүү стилдердин жана багыттардын техникасы жана мазмуну менен тааныша алышты.

Федерациянын президенти Евгений Лопаткин жана башкы катчысы Наталья Нещерет классикалык мушташ өнөрүнүн призмасы аркылуу, анын идеологиялык, тарбиялык, ден соолук жана спорттук аспектилери аркылуу кытай маданиятынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Н.Рерих музейи жана КР Салттуу ушу федерациясы биргелешип уюштурган маданий кече маданият, спорт, искусство жана билимди айкалыштырды.

Пикир

Оставить комментарий