• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жөө Күлүк" тасмасы Улуу Британиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Жөө Күлүк" тасмасы Улуу Британиянын алдыңкы фестивалдарынын бири Глазгодогу (Шотландия) эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль Шотландияда 26-февралдан 8-мартка чейин болуп өтөт.

Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы фестивалдын "Pioneer" программасына киргизилген. Бул бөлүмдө жалпы 38 тасма тандалып алынган.

Фестивалдын алкагында "Жөө Күлүк" тасмасы 5-6-март күнү көрсөтүлөт.

Глазгодогу кинофестиваль – жыл сайын өтүүчү эл аралык кинофестиваль. Ал фестиваль 2005-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий