• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акын Майрамбек Токторов «Беш акын» таймашында жеңүүчү болду

Маданият 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы 2017-жылы биргелешип өткөрүп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун үчүнчү адабий-музыкалуу кечесинде акын Майрамбек Токторов 364 упай чогултуу менен таймаштын жеңүүчүсү атанды. Бул тууралуу КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Ал эми экинчи орунду камсыз кылган акын Жыпар Арыкова андан бир гана упай артта калгандыгын (363 упай) белгилей кетели. Кече Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтүп, ага 40-50 жаш ортосундагы акындар Жыпар Арыкова, Айнагүл Базарбаева, Махабат Молдалиева, Болотбек Таштаналиев жана Майрамбек Токторов катышты.

Жобого ылайык, бул жолу да таймашка катышкан акындар кеченин жүрүшүндө беш тапшырма аткарышты. Биринчи тапшырма–өздөрү эң жакшы деп эсептеген экиден ырын окушту, экинчи тапшырма – түрк дүйнөсүндөгү атактуу акындардын бирөөнүн –бул жолу башкырт акыны Мустай Каримдин «Прощение с веком» деген атактуу ырын которушту (ыр эки күн мурда таратылып берилген), үчүнчү тапшырма – акындардын музыкага салынган бирден ыры адис ырчылар тарабынан аткарылды, төртүнчү тапшырма – акындар ыр жазгандан башка өнөрүн көрсөтүштү, бешинчи тапшырма – экзамен белети сыяктуу коюлган бирден суроого жооп берип, сыясы кургай элек, жаңы жазылган бирден ырын окушту. Кечени ЭлТР кызматкери Айбек Асанбек уулу алып барды.

Эске сала кетсек, ушул 2017-жылы экинчи тайпа катары өтүп жаткан жазма акындар таймашынын биринчи кечесинде акын Гүлжамила Шакирова, экинчи кечесинде акын Салтанат Орозобекова жеңишке жетишкен болчу. Үчүнчү кечесинде минтип өз муундаштарынын арасынан акын Майрамбек Токторов алдыга чыгып олтурат. Мындан ары төртүнчү кечеде 30-40 жаш ортосундагы акындар, бешинчи кечеде 30 жашка чейинки акындар таймашат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи ошол бешинчи кеченин соңунда болот.

Ал эми ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы КТРК аркылуу ишке ашырылган «Беш акын» теледолбоору көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жараткан. Долбоордун 2015-жылдагы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун Токтогул Сатылганов атындагы медалы, диплом-сертификат жана 500 доллардан акчалай сыйлык берилген. Жеңүүчүлөр ошондой эле Түркиянын Элазык шаарында өткөн «Hazar şiir akşamları» поэзия фестивалына чакырылып, азыр «Беш акын» теледолбоорунун калыстар тобунун курамында олтурушат.

Пикир

Оставить комментарий