• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эл аралык кинофестивалда режиссёр Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы баш байгени жеңип алды

Маданият 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. "Анкара" эл аралык кинофестивалында режиссёр Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлоо аземи бүгүн, 27-январда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышып, баш байгени Түрк мамлекеттер кеңешинин башкы катчысынын орун басары, эл жазуучу Султан Раев тапшырды.

Министр Нуржигит Кадырбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, кино ишмерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, кыргыз киносунун өнүгүп-өсүшүнө аны даңазалоого бар аракеттерди көрөрүн айтты.

Ошондой эле салтанатка акыркы 2 ай аралыгында эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга Кыргызстандын атынан катышкан лауреаттар да келип, учурдагы кыргыз киносунун маселелери талкууланды.

Эске салсак, "Акыркы көч" толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы эл аралык кинофестивалынын "Мыкты фильми" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий