• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев Бишкектеги өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган Бишкек шаарындагы бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жеке ишкерлердин маселесин жеринде уккан Бакыт Төрөбаев, ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

“Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо менен экономикабызды өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Өлкөбүздө ишканалар көп болсо, алардан социалдык чегерүүлөр, киреше салыгы түшөт. Анын арты менен мамлекеттик казына толот жана жумуш орундары түзүлөт. Ошол себептүү, өнүктүрүү фонддору, мамлекеттик банктар жана башка багыттар менен ишкерлерди колдоо жүргүзүлүүдө”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Металл трубаларын чыгарган “Металл Торг Сервис” заводунда 150дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгон. Мында чыгарылган продукция республиканын бардык аймарына жеткирилет жана Өзбекстан Республикасына экспорттолот. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 7 млн 255 миң доллар деп эсептелген, бул үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 9 млн 431 миң доллар бөлгөн.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев андан ары тыбытты кайра иштетүүчү цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Цех жылына 1000 тоннага чейин тыбытты жууйт жана суткасына 300кг жүндөн жасалган продукция чыгарат. Мында 50гө жакын адам жумуш менен камсыз болгон.

Белгилей кетсек, бул чакан цехти ишке киргизүү үчүн жалпы суммасы 450 миң доллар болсо, анын 350 миң долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаган. Цехтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев, жаңы имарат жана жабдыктарды алууга өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо жагын карап чыгууну тапшырды.

Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу алдында турган “Би групп” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Самын жана турмуш-тиричилик химиясын чыгарган ишкананын продукциялары республиканын аймактарына жеткирилет жана экспортко чыгарылат.

Таанышуунун соңунда Бакыт Төрөбаев ата мекендик продукцияларды өндүрүү менен экономикага салым кошуп жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирүү менен аларды салыктарды өз убагында төлөөнү жана ачык-айкын иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий