• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев шахмат боюнча Дүйнө чемпионатына жолдомо алган Дария менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев шахмат боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында АКШда өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алган 12 жаштагы Дария менен жолугушту.

Дариянын апасы Айша Бурбекова айткандай, шахмат менен машыгуудан төрт ай өткөндөн кийин, кызы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна катышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга тиешеси жок балдар менен тең ойноп жогорку балл топтогон. Ошондон кийин Дарияда ар кандай эл аралык мелдештерге катышуу жана жеңиштерге жетүү максаты пайда болду.

Ушул жылдын апрелинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген 20 жашка чейинки балдар жана кыздар арсында Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча биринчи Чемпионатында Дария алтын медаль утуп, АКШда өтө турган III Дүйнөлүк чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды.

“Сиздер менен жолугушуу мен үчүн чоң кубаныч. Биз Дариянын ийгиликтерине абдан кубанычтабыз. Биз сиздин эмгегиңизди баалайбыз жана бардыгы үчүн ыраазыбыз, ар бир ата-эне өз балдарынын бактысы жана ийгилиги үчүн баарын кылууга даяр. Дариядай балдарыбыз менен сыймыктанабыз, ал өз кыялына жетиш үчүн бардык кыйынчылыктарга карабай, өзүнө эрктүүлүк жана күч тапты. Сенин жеңишиң ар бирине дем берет, сенин ийгилигиң биздин бардык замандаштарыбызга, өзгөчө жаштарга өз күчүнө жана өзүнүн ийгилигине ишеним артат. Биздин спортсмендердин эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишүүсү – биздин өлкөнүн жана биздин коомдун өнүгүүсүнүн көрсөткүчү. Биз сенин жеңиш менен кайтышыңды күтөбүз”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө параолимпиада кыймылын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө жана параолимпиадачыларга мамлекет колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жаткандыгын белгилеп, Өкмөт тарабынан алдыңкы спортсмендердин стипендияларынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын белгиледи.

Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын өкүлдөрүнө жана машыктыруучунун спортко болгон сүйүүсүнө жана атамекендик спортчуларды эл аралык мелдешке жакшы даярдоосу үчүн жана Дарияга алдыдагы чемпионатта жана башка эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий