• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сабалган Нигериянын жараны каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанында катуу сабалган Нигериянын жараны бүгүн түндө каза болду. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Саламаттыктык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн Улуттук госпиталдын дарыгерлери үч күн аракет кылышкан.

Айрым маалыматтарга ылайык, маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директору болгон жана англис тилинен сабак берчү.

Эске сала кетсек, 2-июль күнү болжол менен саат 17:30да "102" кызматына Улуттук госпиталдан, аларга сабалган чет элдик алынып келгендиги тууралуу кабарланган. Ошондой эле жарандардан да "Айчүрөк" соода борборунун жанында белгисиз бир бала Нигериянын жаранын сабаганы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча каттоого алынган.

Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.Э., аттуу жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий