• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Кыргызстандын ЖОЖдорунда коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында коррупциялык схема аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий