• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу ат үстүндөгү күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. 23-24-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ат үстүндөгү күрөш боюнча (эр эңиш) Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Венгрия, Афганистан жана Россиянын курама командаларынан 48 спортчу катышат.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, Республикалык «Эр эңиш» федерациясы жана Ат үстүнөндөгү күрөш" Эл аралык федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 23-сентябрь, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи 23-сентябрь, саат 13:30;

Финалдык жана үчүнчү орун үчүн беттештер — 24-сентябрь, саат 10:00.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Кыргызстандын жана дүйнө тарыхында биринчи ирет өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий