• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таразда Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйындар Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында болду.

Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды.

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары белгиленип, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын айтып сөзүн баштады.

“Эки мамлекеттин ортосундагы учурдагы ведомстволор аралык, өкмөттөр аралык жана жогорку деңгээлдеги туруктуу диалогду канааттануу менен белгилейм”, - деди ал.

Соода тармагында болсо товар жүгүртүүнүн өсүү темпи көрсөтүлгөнүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөр бул тармактарда пайдаланыла элек потенциалга ээ экендигин эске алуу менен жетишкендиктерибиз менен токтоп калбоо керек. Ошондуктан, Өкмөттөрдүн алдына логистика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен ишканаларды жана долбоорлорду түзүү аркылуу өз ара соода алмашуунун көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлган эле”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,1 пайызга өстүү. Ал эми 2023-жылдын 7 айдын көлөмү 759 млн доллар түзүп, өткөн жылдын мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өстү.

Ошондой эле Акылбек Жапаров эки өлкө келечекте коммуникациянын дүйнөлүк транспорт системасына кошулушу керектигин айтты.

“Карасуу” жана “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пункттары районундагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселесин ишке ашыруу ортодогу дараметти жогорку натыйжалуулук менен пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан менен Казакстан тарабынан биргелешкен транспорт коридорлорун пайдалануу эки өлкөгө тең пайда алып келет. Бул контекстте тоскоолдуксуз транзитти камсыздоо, чек арада жүйөсүз кармоолорго жана текшерүүлөргө жол бербөө зарыл”, - деп баса белгиледи МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары суу-энергетикалык кызматташтыктын актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери боюнча алгылыктуу чечимдерди табууга биргеликте шарт түзүлүп жатканына токтолду.

“Акыркы жылдары байкалып жаткан суунун тартыштыгына байланыштуу жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү биздин өлкөлөрдүн өз ара байланышта болушун эске алуу менен, энергия жеткирүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда. Албетте, маселелер бар жана аларды эки тарапка тең пайда алып келе тургандай кылып чечүү керек. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы кызматташууга дайым даяр экенин жана суу тармагындагы өзүнүн милдеттенмелерин так аткарып жатканын баса белгилегим келет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Ал эми Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстан менен биргеликте мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетип, болгон милдеттерин иш жүзүндө ишке ашырып, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык макулдашууларды алдыга жылдыруу боюнча максималдуу күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-отуруму бир жарым жыл мурда болгон. Бул жолку 11-жыйындын соңунда тараптар отурумдун Протоколуна кол коюп, Кеңештин келээрки жыйынын 2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү белгилешти.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын Протоколунда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, транспорт, суу-энергетика, маданият, туризм жана спорт тармагындагы кызматташуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык жөнүндө маселелери каралган.

Пикир

Оставить комментарий