• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин борборунда чет элдик жаранды сабаганга шектелип жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бишкектин борборундагы "Айчүрөк" соода борборунун алдында чет элдик жаранды сабаганга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну, аны менен бирге коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында ИИМдин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган болчу.

Милиция кызматынан билдиришкендей, 2-июль күнү болжол менен саат 17:30да "102" кызматына Улуттук госпиталдан, аларга сабалган чет элдик алынып келгендиги тууралуу кабарланган. Ошондой эле жарандардан да "Айчүрөк" соода борборунун жанында белгисиз бир бала Нигериянын жаранын сабаганы тууралуу кабар түшкөн.

Учурда ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча каттоого алынган.

Кечээ, 3-июль күнү чет элдик жаранды сабаганга шектелип 22 жаштагы К.Э., аттуу жаран кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий