• 88.68
  • 95
  • 0.95

Музыка элдердин ортосундагы байланышты чыңдоого жакшы кызмат кылат - Айгүл Жапарова

Коом 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Музыка кээде элдердин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн ар кандай сөздөргө караганда жакшыраак кызмат кылат. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова "Виват, рояль!" аттуу гала-концерттин салтанаттуу ачылышында билдирди.

Куттуктоо сөзүндө биринчи айым Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын ар кайсы университеттеринде жогорку музыкалык билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен кантип таанышканы тууралуу айтып берди.

"Биздин жигиттер Москвага жакшы музыкалык даярдык менен келишкенин алардын мугалимдеринен угуу жагымдуу болду. Окугандан кийин биздин музыканттар өз мекенинде профессионалдык музыкалык маданиятты өнүктүрөт жана мамлекет аларга колдоо көрсөтөт деп терең ишенем. Биздин музыканттар эл аралык музыкалык сынактарга ийгиликтүү катышып, башка мамлекеттерге таанылып, музыкалык талантынын аркасында Кыргызстан чет өлкөлөрдө да таанылып жатканы бизди кубандырат. Музыка кээде элдер ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн ар кандай сөздөргө караганда жакшыраак кызмат кылат", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын катышуусунда "Виват, Рояль!" аттуу гала-концерттин салтанаттуу ачылышы өттү.

Пикир

Оставить комментарий