• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.01.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда Кыргыз улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо жана колдоо боюнча “Бий-өнөр” коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн бет ачары өттү.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага Кыргызстандагы бий өнөрүнүн ардагерлери жана күйөрмандар катышып, фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Бет ачарда маданият министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөп, мындай маданий долбоорлорду колдоого ала тургандыгын жана фонд түзүү аркылуу кыргыздын байыркы этно бийлери, элдик – фольклер бийлери, совет доорундагы кыргыз бийлери, эгемендикти алгандан кийинки кыргыз бийлеринин тарыхы иликтенип, аны практикада колдонуу, ишке ашыруу, сактап калуу сындуу бир катар маанилүү жагдайларга токтолду.

Министр өз сөзүндө мындай демилгелер алгачкылардан болуп жаткандыктан, алдыга койгон максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн маданият министрлиги ар тараптан колдоого даяр экендигин белгилеп, негиздөөчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Бий искусствосундагы мындай демилге алгачкылардан болуп түзүлүп жатат. Бул кадам кыргыздын улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо жана колдоо, бул тармакта ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен биргеликте улуттук фольклорду өлкөнүн ичинде жана чет өлкөлөрдө чагылдыруунун заманбап формаларын иштеп чыгууга арналат.

Эске салсак, "Бий-өнөр" еоомдук фонду 2021-жылдын 6-сентябрьнда Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгында расмий каттоодон өтүп, өз ишин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий