• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди

Маданият 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын текшерүү учурунда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде жана Алымбек-Датка музейинде жарандарды, конокторду кабыл алууга шарт түзүлбөгөнү, имараттарда жылуулук системасы иштебегендиги, тазалык маселеси аткарылбай жатканы аныкталды.

Белгиленгендей, атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныктама жазылып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү министрликке берилет.

Пикир

Оставить комментарий