• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жоомарт Бөкөнбаев фондунун ачылышынын алкагында “Гүлдесте” китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Жоомарт Бөкөнбаев архивдик фондунун ачылышынын алкагында жазуучу тууралуу "Гүлдесте" аттуу ыр, макала жана эскерүүлөр жыйнагынын бет ачары өттү.

Жыйнакка 1944-жылдан 2018-жылга чейинки жазылган материалдар кирген. Анын түзүүчүлөрү кыргыз Эл акыны Тенти Адышева жана профессор, академик (Бөкөнбаевдин уулу) Кулубек Бөкөнбаев.

Иш-чарага Жоомарт Бөкөнбаевдин туугандары, маданият кызматкерлери, окумуштуулар, жазуучулар жана архивдин кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районундагы Мазар-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий