• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Депутат Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Шакиев №17 Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Эскерте кетсек, фракциянын мурунку төрагасы Бакыт Төрөбаев болгон.

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жалпы жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Пикир

Оставить комментарий