• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оркестр коллективдери арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды — тизме

Маданият 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөрүлгөн алгачкы оркестр коллективдеринин арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ведомствонун маалыматына караганда, байгелүү орундарга төмөнкүлөр илинген:

1-орун

- М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри;

- К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар оркестри.

2-орун

- Ош облустук Р. Абдыкадыров атындагы филармониясынын Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри;

- Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнө караштуу “Арка-Сыры” элдик фольклордук оркестри;

- Б. Эдигеев атындагы “Арашан” фольклордук оркестри.

3-орун

- Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри;

- Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри;

- Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эл аспаптар оркестри болду.

Белгилей кетсек, ар бир жеңүүчү оркестрге акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.

Биринчи орунга 65 миң, экинчи орун 60 миң, үчүнчү орун 45 миң, ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга 25 жана 35 миң сом акчалай сыйлыктардын сертификаты тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий