• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

16 оркестр коллективи бир сахнада. Кыргызстанда алгачкы жолу оркестр коллективдеринин сынагы өттү

Маданият 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 7-майда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен алгачкы жолу оркестр коллективдеринин сынагы өтүп, ал гала концерт менен жыйынтыкталды.

Бүйүр кызыткан мындай иш-чараны Улуттук тарых музейинин алдында катар тизилген 600гө жакын борбордон жана аймактардан келген оркестр коллективдеринин концерттик программасы коштоду.

Концерттик программанын алкагында байге фонду бир миллион сомду түзгөн сынактын жыйынтыгы аныкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият министри Азамат Жаманкулов өлкө тарыхында алгачкы жолу тушоосу кесилген сынак эми жыл сайын өтө турганын белгилеп, байге фонду өсө турганын билдирди.

Аймактардан келген оркестр коллективдери мындай сынактын уюштурулушу аларга дем берип жатканын кубануу менен айтышып, тажрыйба алмашуу жүрүп жатканын кошумчалашты.

Эске салсак, аталган сынакка жети дубандын оркестр коллективдери катышты. Алар:

Аламүдүн райондук Арка- Сыры элдик фольклордук ансамбли, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри, Калыгул Самаков атындагы эстрадалык- фольклордук ансамбли, Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын Мөл- Мөл фольклордук ансамбли, Араван райондук маданият бөлүмүнүн кыргыз эл аспаптар оркестри, Ош облустук Р. Абдыкадыров атындагы филармониянын Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри, Талас шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри, Кочкор райондук М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин Миң-Кыял фольклордук эл аспаптар ансамбли, Ат-Башы райондук Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин Көктөм эл аспаптар оркестри, Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин Музыка факультетине караштуу оркестр дирижерлугу кафедрасы, Ноокат райондук эл аспаптар оркестри, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын оркестри, Б. Эдигеев атындагы Арашан фольклордук ансамбли жана Тоң райондук Ж. Шералиев атындагы Кажы-Сай билим берүү мекемесинин фольклордук тобу болду.

Пикир

Оставить комментарий