• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-казак ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү

Экономика 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-казак ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү, деп билдирет КРнын Соода өнөр-жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы.

"Кыргызстан-Казакстан" аталыштагы форумду КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев ачып, форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү жана соода мамилелерин активдештирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Казакстандын 20дан ашуун компаниясынын өкүлү катышкан форумдун аянтчасында эки өлкөнүн ишкерлери өз компанияларын, продукцияларын ийгиликтүү көрсөтүп, панелдик талкууларга катыша алышты. Казак ишкерлери кыргызстандык кесиптештери менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

Иш-чаранын негизги максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий