• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак жол сага, бүтүрүүчү! Мектептерде акыркы коңгуроо кагылды

Билим 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча быйыл 9-11-класстарды 180 миңден ашуун улан-кыз аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүүдө.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү.

Ал эми министрдин орун басары Расул Абазбек уулу А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине барып, акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Министрдин орун басары да мектепти аяктап жаткан улан-кыздарга кең келечек, байсалдуу сапар каалады.

Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин бүтүрүүчүлөрү

Пикир

Оставить комментарий