• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Айыл чарбасын каржылоо – 12": Быйыл дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом насыя берилет

Экономика 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. 2024-жылы "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-январдагы тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.

"Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 7 млрд сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында 2 категория боюнча насыя каралган:

1. "Мал чарбачылыгы" категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– бодо мал өстүрүү;
– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.

2. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– питомниктин мөмө-жемиштерин өстүрүү;
– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
– күнөскана чарбасын жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий