• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалпы суммасы 150 млн еврону түзөт. Кыргызстан менен ЕИБнын ортосунда меморандумга кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча биринчи Global Gateway инвесторлор форумунун алкагында болду.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Бельгия Королдугунун Брюссель шаарына жумуш сапары менен барган.

Өз кезегинде, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

Ал эми, Бакыт Төрөбаев Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий