• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагында күчү 3,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн саат 10:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк батышта, Сопу-Коргон айылынан 31 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында ӨКМдин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий