• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чапчыма ашуусунда 3 жолу кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чапчыма ашуусунда кечээ, 8-февралда 3 жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 8-февралда саат 05:00дөр чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 91-92-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жалпы көлөмү болжол менен 6000 метр куб кар көчкү түштү. Анын 3000 метр куб унаа жолго түшкөн, саат 13:45те 95-чакырымда болжол менен 512 метр куб, саат 17:50дө 72-чакырымда болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жалпы 3 жолу кар көчкү түшүп, унаа жол өз убагында тазаланып ачылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 18:40та унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолдору 2021-жылдын 10-февралына чейин кечки саат 18:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий