• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беловодск айылында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Шаардык криминалдык милициянын кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү кармашты.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылы 19-январда ИИБге А.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 18-январдан 19-январга караган түнү 10-кичирайондо токтотуп койгон Honda Fit унаасын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Унаанын баасы 4 миң 500 АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле, 21-январда М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4-кичирайондо токтотуп койгон Honda Fit маркасындагы унаасын уурдап, качып кеткен белгисиз жакка карата чара көрүүнү суранган. Унаанын баасы 300 миң сом болгон.

Аталган фактылар Октябрь райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш кодексинин 206-беренеси (унаа каражатын уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Комплекстүү издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Октябрь райондук ИИБ криминалдык милициясынын кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнүн изине түшүшкөн.

Ыкчам маалыматты ишке ашырууда Чүй облусунун Беловодск айылынын аймагында шектүү 1972-жылы туулган Б.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Беловодск айылындагы жеке үйлөрдүн биринен мындан мурда уурдалган унаалардын бири табылган. Шектүү Б.Н.ны текшерүүдө унааларды ачып жүргөн универсалдуу ачкыч табылган.

Азыркы учурда соттук өндүрүш боюнча тергөө уланууда, үчүнчү жак тарабынан сатылып кеткен кийинки унааны табуу боюнча издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий