• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупция фактысы боюнча Бишкектин биринчи вице-мэри кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча Бишкектин биринчи вице-мэри камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты

“2018-жылдын 6-июлунда КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү (ККК) кызматы тарабынан мыйзамсыз жер берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында биринчи вице-мэр кармалган. Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Р.К., жана Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси М.У.А. кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий