• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган КР жараны Ч.А.Т. кармалган. Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн ИИМ тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргыз Республикасына келип, аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген.

Учурда бул кылмыштын шериктери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий