• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Нарында салык кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусундагы райондук башкармалыктарынын биринин башчысы 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган кызмат адамы пайда табуу максатында жеке кызыкчылыктарын көздөп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий