• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сокулук районунда айыл чарба техникаларынын аккумуляторун уурдап жүргөндөр кармалышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Сокулук районунда айыл чарба техникаларынын аккумуляторлорун уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облстук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-июль күнү Сокулук районунун ИИБнө Манас айылынын 60 жаштагы жашоочусу С.А. арыз менен кайрылып, ага тиешелүү комбайндын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Ууру” аталышындагы рейд учурунда жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы Т.Ы., 17 жаштагы М.Т. жана 15 жаштагы М.Н. аттуу жарандар кармалышып, райондук милицияга жеткирилишкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурундагы кармалган шектүүлөрдүн дагы бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, учурда 8 факты боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий