• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күз-кыш мезгилине даярдык. Бишкектеги жети от казан жылытуу мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Алдыдагы 2021-2022-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык толук кандуу жүрүп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин бардык отканаларында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө дагы жети откана даяр: Кайыңды, №86ОМ, Горархив, Сүт ашканасы, Байыр, №705 Аскердик бөлүк жана №21 ОМ.

Отканаларда отказандарды оңдоо жана тазалоо, насосторду, жөнгө салуучу бекиткичтерди, электр жабдууларын, контролдоп-өлчөөчү жабдыктардын автоматикасын оңдоо жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Отканалардагы бардык иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда, ишкананын бардык 66 отканасы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына даяр болот.

Пикир

Оставить комментарий