• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте курулуш объектилеринин санитардык нормаларга шайкештиги текшерилди

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектилеринин санитардык нормаларга шайкештиги текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Үмөталиев көчөсү, 161 дарегинде жайгашкан жолдун жээгинин булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн «Самира плюс» ишканасына КР Укук бузуулар кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айып салынган. Жумабек көчөсү 210 дарегинде жайгашкан «КБ Курулуш» жана Юнусалиев 16 дарегинде жайгашкан «Боорсан Констракшн» ишканалары да ушул берене боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Мындан тышкары, санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн Панфилов көчөсү, 30 дарегинде жашаган жаран З.Б.Мамиевге 7 миң 500 сом айып салынган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган инспекция тарабынан жалпы суммасы 2 млн 435 миң 500 сомду түзгөн 116 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Бишкек мэриясы эгерде жеринде көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактарга протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий